Беларуста нацисттердин курмандыктары көмүлгөн мурда белгисиз 166 жай табылды
Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы Беларусь ССРинин элине каршы геноцид боюнча кылмыш ишин тергөө тынч жарандарды жана согуш туткундарын кырып жок кылуунун жана көмүүнүн мурда белгисиз болгон 166 жерин табууга мүмкүндүк берди, деп билдирди жалпыга маалымдоо каражаттарына Беларусь Башкы прокуратурасынын аталган кылмыш иши боюнча тергөө тобунун жетекчисинин орун басары Сергей Шикунец.
Башкы прокуратуранын өкүлү белгилегендей, алардын 134үндө казуу иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгы алынган маалыматтарды тастыктап жатат.
“Биз адамдардын, анын ичинде балдардын сөөк калдыктарын таап жатабыз. Кийим-кече калдыктарынан, табылган тиричилик буюмдарынан, оюнчуктардан алардын негизинен карапайым, тынч жарандар экени дароо көрүнүп турат”, – деди ал.
Шикунец геноциддин курмандыктарын массалык түрдө жок кылуунун жана көмүүнүн мурда белгисиз болгон жана жаңы аныкталган жерлери, ошондой эле өрттөлгөн айылдар жана өлүм лагерлери тууралуу маалыматтар Беларустун ачык кадастрдык картасында чагылдырылып жатканын белгиледи.
“Ошол эле учурда төрт жылдык оккупация эмнени билдирери түшүнүктүү: жазалоочу операциялар, айыгышкан салгылашуулар, партизандык согуш… Бүткүл беларус жери – бул баштан-аяк көрүстөн жана баштан-аяк мемориал”, – деп белгиледи ал.
Шикунец тергөөчүлөргө прокуратура органдарына кайрылган жарандар чоң жардам көрсөтүп жатканына көңүл бурду. Алар нацисттердин кылмыштары тууралуу жакындарынан жана туугандарынан уккан маалыматтары менен бөлүшүүдө.
“Биз эч кимге жок дебейбиз, бардык маалыматты текшеребиз. Көп учурда мунун натыйжасында адамдарды кырып жок кылып, көмгөн мурда белгисиз жерлерди аныктоого мүмкүн болууда”, – деп кошумчалады ал.
2021-жылдын апрелинде Беларустун Башкы прокурору Улуу Ата Мекендик согуш маалындагы БССР калкынын геноциди фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Минск республиканын аймагында ачык сот өткөрүү үчүн көзү тирүү согуш кылмышкерлерин өткөрүп берүү маселесин көтөрөрү пландалган. Башкы прокуратура ошондой эле жазалоочуларга, анын ичинде каза болуп калган, бирок көзү тирүүсүндө жазадан кутулуп кеткендерге каршы кылмыш иштери беларус сотунда караларын жарыялаган.
Беларустун Жогорку соту согуш жылдарында беларус аймагында аракеттенген алты жазалоочуга карата өкүм чыгарган. Айыпталуучулар каза болуп калгандыктан, бардык өкүмдөр жаза чегерилбестен чыккан.
Учурда дагы бир кылмыш иши сотто каралып жатат.