Белги салынган беткаптар тууралуу кайрылуулар боюнча милиция мыйзам бузууларды тапкан жок. Бул тууралуу маалымат жыйында ИИМдин өкүлү Султан Макилов билдирди.
Анын айтымында тийиштүү иликтөөлөр жүрүп мыйзам бузуулар аныкталган эмес
Буга чейин белги коюлган жана атайын өзгөчөлөнсүн үчүн жашыл беткаптарды тагынып келгендер боюнча текшерүү башталганы кабарланган.