Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, опера ырчысы Чырмаш Төрөбековдун атасы Топчубай Төрөбеков дүйнө салды. Бул тууралуу ырчынын кесиптеши Салима Балтаева билдирди.
“Топчубай ата ооруп жүргөн экен. 24-февраль күнү Ошто ооруканада 84 жаш курагында дүйнө салыптыр. Кечее Кара-Суу районунун нариман айылында жерге берилди деди”, — деди Балтаева.
Reporter.kg маалымат агенттигинин эмгек жамааты Чырмаш Төрөбековго жана анын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.