Белгилүү ырчы Кайрат Нуртас 15 күнгө камакка алынат

Белгилүү ырчы Кайрат Нуртас 15 күнгө камакка алынат

Казакстандык белгилүү ырчы Кайрат Нуртас 15 күнгө камакка алынат. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин басылмалары жазды.

Кайрат Нуртас «майда бейбаштыкка» жана «ден соолукка жеңил жаракат келтирүүгө» айыпталган.

Соттук отурумда айтылгандай, 4-июлда кечинде ырчы Алматы – Астана аба каттамындагы учактын ичинде Асылбек Беккаиров аттуу жаранды бетке уруп, сөгүнгөн.

Бирок ырчы ага Асылбек Беккаиров биринчи кол көтөрүп, бетке урганын, ал өзү жабырлануучу экенин билдирген. Ал соттон камакка албай, айыппул салууну өтүнгөн.

Сот эки тарап жарашкандыктан, «ден соолукка жеңил жаракат келтирүү» боюнча ишти токтоткон.

Ал эми «бир жыл ичинде кайталанып жасалган майда бейбаштык» боюнча ырчыны 15 күнгө камакка алуу чечимин чыгарган.

Белгилей кетсек, быйылкы жылдын эсеби менен Кайрат Нуртас «майда бейбаштык» үчүн биринчи жолу жазаланып жаткан жок. 29-апрелде концерт учурунда сөгүнгөнү үчүн ал «майда бейбаштык» беренеси боюнча айыпка жыгылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>