УКМК Нипах вирусунун жайылышынын фонунда чет элдиктерге жасалма медициналык маалымкаттарды берүү схемасын ашкереледиЧет элдиктерге жасалма медициналык маалым каттарды сатышкан. Бишкекте дарыгер менен чет элдик жаран кармалдыСурабалдиева парламенттин трибунасын жеке кайым айтышуулар үчүн колдонбоону талап кылдыБишкек шаарынын биринчи вице-мэри алмаштыКазакстан менен Кыргызстан экологиялык күн тартибин макулдаштыУлуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев кызматтан кетүү боюнча арыз жазды
Бийликти басып алууга шектелген Азамат Мусакеев үй камагына чыкты
25.06.2022 | 10:48
«Эл Ынтымагы» кыймылынын мүчөсү Азамат Мусакеев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу жактоочу Бактыбек Жумашев билдирди.
Анын айтымында, мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарды.
“Муну менен бардык айыпталуучулар эркиндикке чыгышты. Менин жактоочуларыма коюлган айыптар негизсиз деп эсептейм. Иш жүзүндө “Эл ынтымагы” кыймылынын бийликти басып ала турганы боюнча бир дагы далил табышкан жок”, – деди ал.
2021-жылы бийликти күч менен басып алууга шектелип, «Эл ынтымагы» кыймылынын өкүлдөрү – Бакыт Жетигенов, Бекназар Купешов, Азамат Мусакеев, Нурбек Калекеев кармалып, алар камакка алынган болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом