Селдин кесепеттерин жоюу иштерине 840тан ашуун адам тартылдыУлуу Британия социалдык тармактарда өспүрүмдөр үчүн түнкү чектөөлөрдү киргизетКыргызстанда өлкөдөн чыгууга коюлган чектөөлөрдү текшерүү үчүн «Санариптик чек ара» тиркемеси ишке киргизилдиНарын облусунда мыйзамсыз балык уулаган Кытай жарандары Кыргызстандан чыгарылдыШКУ өлкөлөрүнүн артисттери Чолпон-Атада гала-концерт беришетМанас шаарындагы Заманбап эл аралык университетинин проректору кармалды — УКМК
Ошто жер титирөө катталды
25.06.2022 | 11:04
Ош облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 25-июнда саат 5:22де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Алай районунун Сары-Таш, Арча-Булак, Сары-Могол, Ак-Босого, Талды-Суу айылдарында 3 балл, ал эми Кожо-Келең айылында 2 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом