Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева эмделбеген балдар мектепке кабыл алынбайт деген билдирүүнү четке какты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Жыйында ЖК депутаты Бактыбек Чойбеков министрдин орун басары быйыл мектепке эмделбеген балдар кабыл алынбайт деп айтканын билдирип, мындан улам ата-энелерден көптөгөн кайрылуулар түшүп жатканын, ошондой эле бала бакчалар да эмделбеген балдарды кабыл албай жатканын айтты. Ал Кендирбаевадан бул мааалыматты тактап берүүнү суранды.
Кендирбаева анын суроосуна жооп берип, мектепке ар бир бала кабыл алынарын билдирди.
«Биз ар бир баланы кабыл алабыз. Билим берүү мыйзамы боюнча балдардын билим алуусуна чектөө койбойбуз. Бирок бир жагынан таза балдардын коопсуздугу да жаралат. Бирок ага карабастан биз кабыл алабыз. Бул боюнча маселе жок»,- деп билдирди министр айым.
Эске салсак, буга чейин билим берүү министринин орун басары Лира Самыкбаева эмдөөдөн өтпөгөн балдар мектепке кабыл алынбай турганын билдирген.