Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүндү. Президент жарлыкка кол койду

Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүндү. Президент жарлыкка кол койду

Кыргызстанда Агартуу министрлиги жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги түзүлдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, президенти Билим берүү жана илим министрлигинин, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин базасында эки өз алдынча министрликти түзүү жөнүндө жарлыкка кол койгон. Ага ылайык:

  • Мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүү, баштапкы кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү функцияларды жүктөө менен Агартуу министрлиги;
  • Илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иш, орто, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү, интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү функцияларды жүктөө менен Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги түзүлдү.

Ошондой эле жарлыкка ылайык буга чейин КР Президентине караган Улуттук аттестациялык комиссия Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссия болуп кайра түзүлдү.

«Жарлык Илим, билим берүү, инновациялар жана интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө системалуу өз ара байланышты жана өз ара аракеттенүүнү камсыз кылууга багытталган мамлекеттик башкаруунун интеграцияланган жана натыйжага багытталган системасын түзүү, жогорку билим берүү, илимий жана инновациялык иштер чөйрөсүндө башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, жаш окумуштуулардын илимий-изилдөө жана инновациялык иштерге катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында кабыл алынды»,- деп айтылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>