Бир күндө коронавирустан 1 адам каза болуп, 108 адамдан илдет табылды

Бир күндө коронавирустан 1 адам каза болуп, 108 адамдан илдет табылды

Соңку суткада коронавирустан 1 адам каза болуп, илдет 108 адамдан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, Ош облусунда илдеттен бир адам көз жумду.

Муну менен Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун саны жалпы 1059 адамга жетти.

Ошондой эле бир суткада 108 кыргызстандыктан илдет аныкталган:

Бишкек — 17
Ош – 2
Чүй облусу – 11
Ош облусу – 12
Талас облусу — 6
Нарын облусу – 1
Ысык-Көл облусу – 10
Жалал-Абад облусу – 33
Баткен облусу — 16

Кыргызстанда коронавирус жуккандар жалпы 43 820 адамга жетти.

Муну менен катар бир күндө 225 адам илдеттен сакайып үйлөрүнө чыккан. Сакайгандардын жалпы саны  38 198ке жетти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>