Бир сутка ичинде өлкө боюнча 17 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганын Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
“Ош шаарында 5, Жалал-Абад облусунда 2, Ош облусунда 4, Баткен облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 3 медиктен илдет табылды. Ал эми бир суткада 7 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты”, — деди Акматова.
Мындан сырткары үй карантининен 45 медициналык кызматкер айыгып чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2928 учур катталды, алардын ичинен 2025 медкызматкер сакайган.