Израилде терроризм үчүн өлүм жазасын киргизүү боюнча мыйзам кабыл алындыСөөктү дарыяга ыргытып жиберген: Нарында 12 жылдан кийин киши өлтүрүү кылмышынын бети ачылдыБивол Екатеринбургда Айфертке каршы титулдук беттеш өткөрөтБишкекте «Energy Expo Kyrgyzstan — ШКУ 2026» эл аралык көргөзмөсү өтөтШКУ эксперттери Бишкекте аскердик кызматташтыкты чыңдоо маселесин талкуулаштыМөңгүлөрдүн азайышы Борбордук Азия чөлкөмүн аялуу кылат – эксперттин пикири
Бир суткада 258 адамдан коронавирус аныкталып, 407 адам илдеттен сакайды
10.08.2020 | 11:22
Соңку сутка ичинде Кыргызстанда 258 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 10-августта өткөн брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында эң көп учур Бишкек шаарында.
“Бишкек шаарында 84 адамдан, Ош шаарында 24 адамдан, Чүй облусунда 17 кишиден, Ош облусунда 25, Талас облусунда 5, Нарын облусунда 10, Ысык-Көл облусунда 21, Жалал-Абад облусунда 37, Баткен облусунда 35 кишиден илдет аныкталды”, — деди Акматова.
18-марттан 7-августка чейин өлкөдө жалпы 40 177 адам коронавирус жуктуруп алган.
Ошондой эле бир суткада 407 кыргызстандык илдеттен сакайган, муну менен айыккандардын жалпы саны 32 229га жетти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом