Кыргызстанда акыркы сутка ичинде коронавирус илдетинен 9 бейтап көз жумганын коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 6-августта өткөн брифинг учурунда билдирди.
Акматованын айтымында, кайтыш болгондордун эң көбү Бишкек шаарында катталган –беш адам, ал эми Ош жана Баткен облустарында экиден адам каза болгон.
Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча вирус жуктуруп каза болгондордун саны 1 447 адамга жетти.