Бир жылда 17,5 миң жаран аты-жөнүн өзгөрттү. Ага эмне себеп?

Бир жылда 17,5 миң жаран аты-жөнүн өзгөрттү. Ага эмне себеп?

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматында, Кыргызстанда 2023-жылы 17 миң  564 адам аты-жөнүн өзгөрткөн. Өткөн жылы көрсөткүч мындан 3,5 миңге көп болгон.

Бирок мекеме анын себептерин жана жарандарды өздүгүн өзгөртүүгө түрткөн жагдайларды атай албайт, анткени бул боюнча анализ жүргүзүлбөйт.

Оштун тургундары аты-жөнүнө канааттанбайбы?

Ар кандай себеп менен аты-жөнүн алмаштыргандардын көпчүлүгү Ош облусунда жашайт. 2022-жылы 5 миң 163 жаран өздүк документине өзгөртүү киргизсе, 2023-жылы мындай сунуш менен мамлекеттик органдарга 4 миң 187 киши кайрылган.

Ордо калаанын тургундары дагы өздүгүн алмаштырууга шыктуу. 2022-жылы 3 миң 868, былтыры 3 миң 746ы арыз түшкөн.

Аты-жөнүн эң аз Таластын тургундары алмаштырган. Бул аймакта бир жылда 532 (2022-жылы 663) киши гана кайрылган.

Уулу-кызы, тегин же Орусиядагы кара тизме

Санариптүү өнүктүрүү министрлигинде кыргызстандыктардын аты-жөнүн өзгөртүүсүнүн себептери боюнча маалымат жана анализ жок.

Анткен менен социалдык тармакта жарандар атын кыргызчалатып, фамилиясындагы “ов” жана “ова” мүчөлөрүнөн арылганын жарыялап калышат.

Бул демилгени биринчилерден болуп ишке ашырган укук коргоочу Турсунбек Акун. Ал үчүн мурдагы Акыйкатчы 2010-жылы соттук процессти дагы баштан өткөргөн.

Белгилүү инсандардан ага-ини Болот жана Садык Шер-Нияздар, элчи Кылычбек Султан, журналист Азамат Тынай бар.

Аты-жөнүн алмаштыруунун дагы бир себеби – миграция. Орусияда кара тизме 2013-жылы ишке киргенден кийин Кыргызстанда аты-жөнүн алмаштыргандардын саны 30 миңден ашкан.

Акыркы жылдары бул көрүнүш басаңдоодо. Талдоочулар муну кыргыз миграциясынын багытынын өзгөрүшүнө байланыштырат.

Жылына бир жолу гана алмаштыра алат

Анткен менен мамлекеттик мекемеде ар бир жарандын аты-жөнүн канча жолу өзгөрткөндүгү боюнча маалымат сакталуу.

Мыйзам боюнча атын, атасынын ысмын жана фамилиясын бир убакта алмаштыруу мүмкүн эмес.

“Бир жылда бир эле жолу өзгөртө алат. Үч компонентти бир учурда алмаштырууга болбойт. А бирок адам өмүрүндө канча кааласа ошончо жолу аты-жөнүн алмаштыра алат”, - дейт министрликтин калкты документтештирүү бөлүмүнүн жетекчиси Дария Райымкулова.

Жаран ысымын каалагандай өзгөртө алат, ага чектөө жок.

“”Атасынын аты”деген графага атасынын, чоң атасынын же таятасынын ысмын гана жаза алат. Эгер аталык укуктан ажыратылган болгон учурда өзгөртүп калышат. Таятасы чоңойткондор таятасын жаздырса болот. Жалгыз бой энелер бул графаны бош калтыра дагы алышат”, - дейт Дария Райымкулова.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: МАКАЛАЛАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>