Бир жылдын ичинде $1,5 миллион алдап алган. Бишкекте алдамчылыкка шектуу аял кармалды

19.11.2025 | 16:57

Милиция кызматкерлери ири суммадагы алдамчылыкка шектелген аялды кармашты. Бул тууралуу Reporter.kgге борбордун Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма соз кызматы кабарлады.

Ишкер милицияга кайрылып, ОсОО «Ф.Р.»нин башкы директору А.Ж. менен анын кызы А.Б.ге чара корууну суранган. Анын айтуусунда, бул эки аял ишенимине кирип, Ысык-Кыл областындагы Чок-Тал айылында жайгашкан долбоорго инвестиция киргизуу деген шылтоо менен 2024-жылдын 26-августунан 2025-жылдын 4-июлуна чейин андан 1 миллион 476 мин 844 доллар алышкан. Бирок алар өз милдеттерин аткарышкан эмес. Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери 53 жаштагы А.Ж.ны кармап, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына киргизишти. Октябрь райондук ИИБи кармалган аялдын аракетинен жабыркаган же маалыматка ээ болгон жарандарды төмөнку телефон номерлерине кайрылууга чакырат:
0(706) 93-96-96, 0(995) 95-09-40, 0(505) 10-65-65 жана 102.

Scroll to Top