Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Бишкек абанын булганышы боюнча 20-орунду ээледи
04.12.2025 | 19:00
3-декабрга карата Кыргызстандын борбору абанын сапаты боюнча дүйнөлүк рейтингде (World Air Quality Index) 20-сапка жайгашты.

Учурдагы AQI индекси 116 бирдикти түзөт. Эл аралык классификацияга ылайык, булгануунун мындай деңгээли «калктын аялуу топтору үчүн (балдар, кары-картаңдар, аллергиясы барлар) зыяндуу» деп эсептелет.
Абанын булгануу деңгээли боюнча сунуштамалар
- Көрсөткүчтөр «Жакшы» (0-50) болгондо, сыртта ээн-эркин убакыт өткөрүүгө болот.
- Абанын сапаты «Орточо» (51-100) болгондо, сезимтал адамдарга көчөдө көпкө жүрбөө сунушталат.
- Ал эми «Ден соолукка зыяндуу» (101-150) жана андан жогорку деңгээлде — сыртта жүрүү убактысын чектөө керек,
- «Абдан зыяндуу» (150-249) учурда — үйдө калуу, ал эми «Кооптуу» (250+) деңгээлде — кыска убакытка болсо да көчөгө чыкпоо керек.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом