Бишкек: Арча-Бешиктеги үч көчөгө 2,8 млн сомго шагыл төгүп, тегиздөө пландалууда

Бишкек: Арча-Бешиктеги үч көчөгө 2,8 млн сомго шагыл төгүп, тегиздөө пландалууда

Бишкектин Арча-Бешик конушундагы үч көчөгө шагыл (гравий) төгүп, жолду тегиздөө иштерине 2 млн 838,9 миң жумшоо пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Маалыматка ылайык, Арча-Бешиктеги Ак-Таң көчөсүнө Эр-Тайлактан Ахунбаевге чейин бөлүгүнө шагыл төгүп, тегизделет. Ал үчүн 1 млн 615,5 миң сом каралган.

Андан кийин Жазыйра көчөсүнүн 760 метр жерине (Күйүковадан Ахунбаевге чейин) шагыл төгүп, түздөөгө 877 миң сомдой акча каралган.

Ошондой эле Арча-Бешик-24 көчөсүнүн Ахунбаевден Арча-Бешик-21 көчөсүнө чейинки бөлүгүнө 346,2 миң  сомго шагыл төшөө каралган. Аталган тилкенин узундугу 300 метр, туурасы 6 метрди түзөт.

Тендер №4 муниципалдык аймактык башкармалык тарабынан жарыяланган. Арыздар 30-августка чейин кабыл алынат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>