Азия чемпионаты: Эркин күрөш боюнча кыргызстандык төрт балбан коло медаль уттуСадыр Жапаров «Дордойдун» ээсин сынга алып, түштүктөгү базарларында реформа жарыяладыТрамп Ормуз кысыгын бөгөттөөгө буйрук берди – ИРСК жооп кайтардыКыргызстан түрк мамлекеттери менен санариптик экономика боюнча макулдашууну ратификациялайтӨкмөт башчы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Вашингтонго бардыВенгриядагы шайлоо. Учурдагы премьер-министр Орбан жеңилүүгө учурады
Бишкек — Балыкчы багытындагы поезддерге видеокамералар орнотулуп, “Коопсуз шаарга” кошулду
31.07.2025 | 11:28
Бишкек — Балыкчы багытында каттаган жүргүнчү поезддерине видеокамералар орнотулуп, алар “Коопсуз шаар” системасына интеграцияланды. Бул чара өспүрүмдөр поезддин терезелерин талкалаган учурлардан кийин кабыл алынды.
Эми поезд ичиндеги тартип бузуулар жана материалдык зыян келтирүү аракеттери видеобайкоо аркылуу көзөмөлгө алынат. Эреже бузгандарды аныктап, тиешелүү чара көрүү мурдагыга караганда кыйла жеңилдейт.
Тиешелүү мекемелердин айтымында, бул демилге жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоого жана коомдук тартипти сактоого багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар