Кытай 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын эң ири соода өнөктөшү болдуБишкекте Маалыматтык коопсуздук борборунун имараты ачылдыЖККУнун «Кант» авиабазасынын аскер кызматкерлери муктаж үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам бериштиОрмуз кысыгынын тосулушу Европага масштабдуу энергетикалык сокку менен коркунуч туудурууда26-мартта Бишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу берүү токтотулатТажикстанда Нооруз фестивалынын алкагында ШКУ өлкөлөрүнүн жаштар форуму башталды
Бишкек-Балыкчы поезд каттамы калыбына келтирилди
13.08.2019 | 17:18
Бишкек-Балыкчы каттамы боюнча поезд кыймылы калыбына келтирилди. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.
Темир жолчулар оңдоо иштерин жүргүздү. Учурда тиешелүү комиссия окуяны иликтеп жатат.
Кечээ, 12-август түнү Токмок шаарында эки поезд кагыша кетип, вагондор рельстен чыгып кеткен. Маалыматка ылайык, локомотив Токмоктогу айнек заводунан вагондорго кум жүктөп бараткан. Темир жолдо келе жаткан локомотив алдыда токтоп турган теплозду барып сүзгөн. Натыйжада жүрүп бараткан эки вагон рельстен чыгып кетип, бир адам жабыркаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом