Жаңы тариф боюнча Бишкекте 56 миңден ашуун акысыз которулуп түшүү катталдыКара-Кулжа районунда жергиликтүү тургун жайытты бузгандыгы үчүн айыпка жыгылдыИспания Португалияны жеңип, ДЧ-2026нын 1/4 финалына чыкты«Иннопром»: Адылбек Касымалиев Кыргызстан жаңы долбоорлорго даяр экенин билдирдиПакистандын президенти Асиф Али Зардари Кыргызстанга расмий сапар менен келди7-июль: күндүз Кыргызстандын басымдуу бөлүгүндө жаан жаайт, +36°C чейин ысыйт
Бишкек-Балыкчы поезд каттамы калыбына келтирилди
13.08.2019 | 17:18
Бишкек-Балыкчы каттамы боюнча поезд кыймылы калыбына келтирилди. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.
Темир жолчулар оңдоо иштерин жүргүздү. Учурда тиешелүү комиссия окуяны иликтеп жатат.
Кечээ, 12-август түнү Токмок шаарында эки поезд кагыша кетип, вагондор рельстен чыгып кеткен. Маалыматка ылайык, локомотив Токмоктогу айнек заводунан вагондорго кум жүктөп бараткан. Темир жолдо келе жаткан локомотив алдыда токтоп турган теплозду барып сүзгөн. Натыйжада жүрүп бараткан эки вагон рельстен чыгып кетип, бир адам жабыркаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом