Бишкек эл аралык кинофестивалынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкек эл аралык кинофестивалынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Борбор калаа Бишкекте 16-июнда Бишкек эл аралык кинофестивалынын эл аралык жана Борбор Азия сынактарынын жеңүүчүлөрү аныкталып, жабылыш аземи өттү.

Фестивалдын жеңүүчүлөрүнө 100 миң сомдон 500 миң сомго чейинки акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Борбор Азия сынагы:

Мыкты сценарий — Шарипа Уразбаева, «Түл» тасмасы. Байгеси — 300 миң сом.

Мыкты актер — Ерсултан Ерман, «Бала асыроо» тасмасы. Байгеси — 150 миң сом.

Мыкты актриса — Жаннат Күрүчбекова, «Белек» тасмасы. Байгеси — 150 миң сом.

Мыкты режиссер— Аскат Кучинчиреков, «Бала асыроо» тасмасы. Байгеси — 400 миң сом.

Баш байге: «Белек» тасмасы, режиссеру — Далмира Тилепбергенова, продюсерлери — Гүлмира Керимова, Алексей Тельнов, Далмира Тилепбергенова, Садык Шер-Нияз, Елена Дементова. Байгеси — 500 миң сом.

Эл аралык сынактын жеңүүчүлөрү:

Мыкты оператор — Азиз Жамбакиев, «Шамбала» тасмасы. Байгеси — 300 миң сом.

Мыкты актриса — Мона Хава, «Буюрса, уул болот» тасмасы. Байгеси — 300 миң сом.

Мыкты режиссер — Мирлан Абдыкалыков, «Ала Качуу» тасмасы. Байгеси — 400 миң сом.

Баш байге: «Түбөлүк кар уламыштары», режиссеру — Алексей Романов, продюсерлери — Сардана Саввинова, Алексей Егоров. Байгеси — 500 миң сом.

Атайын сыйлык:

Бишкек шаарынын мэриясынын сыйлыгы «Бейиш эненин таманында» тасмасына ыйгарылды. Режиссеру — Руслан Акун, продюсери — Түгөлбай Койчиев.

Кыргызстандын Кинематографистер союзунун атайын сыйлыгы «Кичинекей Самурай» тасмасына тапшырылды. Режиссеру — Ерлан Нурмухамбетов, продюсерлери — Сано Синдзю, Шуичи Ёсимура, Асел Ержанова.

Этномедиа сыйлыгы: «Бошетунмай» тасмасына атайын сыйлык. Режиссеру — Амантур Ормук, продюсери — Фархат Шарипов. Байгеси — 100 миң сом.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>