Гутерриш: деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү адамдарды келечектен ажыратуудаКыргызстандын мыйзамдарына «буллинг» жана «кибербуллинг» түшүнүктөрүн киргизүү сунушталуудаТүп районунда лагерь жана 6 гектар жер мамлекетке кайтарылдыФермерлерди кредиттөө онлайн форматка өткөрүлөтАКШнын элчиси Лесли Вигери төрт жылдык ишин жыйынтыктап, Кыргызстан менен коштоштуКыргызстандын банктарында жаңы депозиттердин көлөмү 937 млрд сомго жетти
Ташкенттен “Ысык-Көлгө” биринчи каттам конду
17.06.2024 | 09:48
“Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда Ташкенттен биринчи үзгүлтүксүз каттам тосуп алынды. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти.
Каттамды Өзбекстандын Silk Avia компаниясы ишке ашырат. Учак шейшемби, бейшемби жана жекшемби күндөрү учат.
Биринчи каттам менен Ташкенттен Ысык-Көлгө 50 жүргүнчү учуп келди. Учуу убактысы эки саатка созулат.
Келечекте алардын санын күн сайын көбөйтүү, тагыраагы июль айынан баштап аталган каттамды күн сайын аткаруу пландалууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом