Мектеп жетекчилеринен акча талап кылып келген. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы кармалдыКыргызстанда электрондук капчыктарды расмий түрдө мураска калтыруу пландалуудаЖогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыЖогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыТаштанды астындагы кенч: VII кылымдагы тыйын Бишкектин тарыхын жаңыдан жазуудаТүштүк Кореянын колдоосу менен Улуттук госпиталдын жаңы корпусу курулат
Бишкек: Көмүрдү кымбат саткан ишкерлерге айып салынды
05.11.2021 | 15:55
Бишкек шаарынын көмүр саткан базаларында алардын баасын кескин кымбаттаткан фактылар аныкталды. Бул туурасында Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен кабарлады.
Маалыматка караганда, баш калаанын Октябрь жана Свердлов райондорунда көмүрдүн бир тоннасын 4800 сомдон 5200 сомго чейин сатып жаткан жеке ишкерлерди таап чыгышкан. Атайын чектен өтүп кеткен ишкерлерге административдик протокол түзүлүп, айып пул салынды. Андан тышкары бир ишкерге эскертүү берилди.
Өкмөт атайын көмүргө бирдиктүү баа киргизген. Бишкекте көмүрдүн бир тоннасы 4500 сомдон ашпашы керек болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом