Asman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалды
Журналист саламаттык сактоо министринин орун басары болду
05.11.2021 | 16:00
Мурда Билим берүү, кийин Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиев саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды.
Ташиев билими боюнча журналист, ал Москвадагы Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетин аяктаган.
1987-жылдан бери массалык маалымат каражаттарында ар кандай кызматтарда иштеген. 2009-жылы Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин жетекчисинин кеңешчиси, кийин бул башкармалыктын орун басары болгон.
2012-жылы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын статс-катчысы, 2018-жылы Билим берүү министрлигинин статс-катчысы, 2021-жылдан тарта Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы болуп иштеп келген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат