Катуу жааган жамгырдын кесепетинен Бишкек шаарынын Кулиев жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишиндеги арыктарга суу батпай жолго ашып агып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жерине 5 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар атайын шаймандардын жардамы менен сууну сордуруп суу каптоо кесепетин толук жоюшкан