Улан-Батор — Бишкек аба каттамы ачылып, алгачкы 95 жүргүнчү келди

Улан-Батор — Бишкек аба каттамы ачылып, алгачкы 95 жүргүнчү келди

Монголиядан Бишкекке 3 саат 40 мүнөттө келет. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Марат Оскомбаев билдирди.

«Бул үзгүлтүксүз каттам убакытты жана ашыкча чыгымдарды үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Буга чейин учуу 20 сааттан 23 саатка чейин созулчу. Азыр болгону 3 саат 40 мүнөт. Учуу убактысын кыскартуу жана ашыкча чыгымдарды үнөмдөө жарандардын мамлекеттер аралык саякатка болгон кызыгуусун арттырууга мүмкүнчүлүк түзөрүн өзүнчө белгилеп кетким келет. Ал эми бул туризмди өнүктүрүүгө жана ишкердик байланыштарды түзүүгө шарт түзөт», — деп билдирди

Кыргызстандагы Монголиянын элчиси Ганхуяг Соднома эки өлкө үчүн байланыш жакшыраарын белгиледи.

«Биз Улан-Батор-Бишкек биринчи каттамын аткара алганыбызга абдан кубанычтамын. Каттам пайдалуу болуп, кыргызстандык жүргүнчүлөр өздөрүн ыңгайлуу сезет деп ишенем. Баарыңыздарды жаңы багыттын ачылышы менен куттуктайм жана өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдирем», — деди «Хунна Эйр» авиакомпаниясынын директору П.Мунхжаргал.

«Хунна Эйр» (Монголия) авиакомпаниясы каттамды жумасына бир жолу – жекшемби күнү жүрөт. Болжолдуу учуу убактысы 3 саат 40 мүнөттү түзөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>