Бишкек менен Ошто майып балдар үчүн стоматология бөлүмдөрү ачылды

Бишкек жана Ош шаарларында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана өзгөчө балдардын тиштерин бекер дарылоо үчүн стоматология бөлүмдөрү ачылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо борборуна ачылып, ал жерге 20 млн сом бөлүнүп, керектүү жабдыктар алынган. Мындай бөлүм ошондой эле Ош шаарындагы Ош облустук клиникалык ооруканасында ачылган.
“Азыркы учурда күнүнө 50-60 бала кайрылып жатат. Мурун мындай шарт жок болчу. Азыр балдар келип, ошол жерде тиштерин бекер көрсөтүп, дарылатып кеткенге мүмкүнчүлүк алышты”,-деп билдирди орун басар.
Мындан тышкары Байдавлетов министрлик муну менен чектелбей тургандыгын, башка облустардын борборлоруна да мындай бөлүмдөрдү ачуу керек экенин айтты.