Жалал-Абад облусунда кармалган адам милициядагы кыйноолорго даттандыАймен Касенов Кыргызстандын президенттигине талапкер болуу үчүн БШКга арыз берди«Өзүңүздү Ташиев сезип алдыңызбы?» — Сурабалдиева вице-мэрди катуу сынга алдыИнновациялык борбор Технологияларды трансферттөө жана инновациялар борбору болуп өзгөртүлдүКазакстанда эт 1400 сомго, Өзбекстанда 1200 сомго чейин сатылууда — министрБишкекте өнүгүүсүндө өзгөчөлүктөрү бар балдардын адаптивдүү спорт борбору ачылды
Бишкекте 13 жаштагы өспүрүмдүн өлүмү менен аяктаган жол кырсыгы ИИМ башчысынын көзөмөлүндө
21.10.2025 | 17:02

Бишкекте 13 жаштагы өспүрүм каза болгон жол кырсыгы боюнча иликтөө иши ички иштер министринин жеке көзөмөлүндө жүргүзүлүп жатат.
Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдиргендей, укук коргоо органдары бул ишти мыйзамдын жана адилеттүүлүктүн принциптерине ылайык иликтөөгө милдеттүү.
«Бул ишти жаап-жашырууга эч кандай аракет болбойт, болушу да мүмкүн эмес», — деди Орунбеков.
Эске салсак, буга чейин каза болгон өспүрүмдүн энеси өлкө жетекчилигине кайрылып, жеке кабыл алууну өтүнгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом