Бишкек мэри: Тыгын, ызы-чуу, чаң болорун түшүнүп турам. Бирок азыр сабыр кылбасак кийин көйгөй жаралат

29.08.2025 | 10:25

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жаңы окуу жылынын алдында шаардыктарга ачык кайрылып, учурдагы ири курулуш жана оңдоо иштерине түшүндүрмө берди.

Мэрдин айтымында, быйыл жалпы 98 чакырым жол оңдолуп, айрымдары жаңыдан салынууда. Ошондой эле шаарда бир транспорттук түйүн жана үч көпүрө курулат. Кийин жолдорду кайра казбоо үчүн жер астындагы суу жана башка инженердик түтүктөр да алмаштырылып жатат.

Учурда 2,5 чакырымдан ашык жылуулук жана 1,5 чакырым канализация түтүктөрү жаңыртылды. Кыйылган дарактардын 85 пайызы эскиргендигине байланыштуу алынып салынган, алардын ордуна 7–10 эсе көп көчөт отургузулары айтылды.

“Тыгын, ызы-чуу, чаң болорун түшүнүп турам. Бирок азыр чыдап, сабыр кылып койбосок, кийин мунун баары чоң көйгөйгө айланат. Ошондуктан түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөм”, — деди Жунушалиев.

Мэр белгилегендей, азыркы иштердин баары 2030-жылга чейинки шаарды өнүктүрүү планынын алкагында белгиленген ыраат менен аткарылууда.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top