Армения ЕАЭБ, ЖККУ жана ЕБ ортосунда: Путин Бишкекте эмне дедиЖогорку Кеңеш Максат Асаналиевди УКМКнын төрагасы кызматына дайындоого макулдук бердиСадыр Жапаров «Ынтымак Ордодо» Пакистандын премьер-министри менен жолугуштуМаматалиев: Жер сатылат деген маалыматты тараткандардын арасында депутаттар да болгон«Акырындык менен, шашпастан»: Путин ШКУнун кеңейиши тууралууКыргызстан көкпар боюнча биринчи оюнда Монголияны 12:1 эсебинде талкалады
Президент бүгүн Ош жана Жалал-Абадга жөнөп кетет
29.08.2025 | 10:15

Президент Садыр Жапаров 29–30-август күндөрү Ош жана Жалал-Абад облустарына жумушчу сапары менен барат.
Президенттин администрациясынын маалыматында айтылгандай, сапардын жүрүшүндө Эгемендүүлүк күнүнө карата өлкө аймагындагы социалдык жана өнөр жай объекттеринин ачылышы офлайн жана онлайн форматта өтөт.
Мындан тышкары, 30-августта Жалал-Абад облусунда Президенттин Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жаңы имаратынын салтанаттуу ачылышы болот.
Бардык иш-чаралар КТРК жана ЭлТР телеканалдары аркылуу түз эфирде, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчалардан көрсөтүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар