Бишкек мэринин милдетин аткаруу Алмаз Бакетаевге жүктөлдү

Бишкек мэринин милдетин аткаруу Алмаз Бакетаевге жүктөлдү

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруу вице-мэр Алмаз Бакетаевге жүктөлдү. Бул тууралуу Reporter.kg′ге калаа башчысынын кеңешчиси Гуля Алмамбетова билдирди.

Белгилей кетсек, 20-октябрда Бишкектин мэри Азиз Суракматов кызматтан кетип жатканын жана биринчи вице-мэр болуп дайындалган Нариман Түлеев мэрдин милдетин аткарарын жарыялаган.

21-октябрда Нариман Тулеевди биринчи-вице мэр болуп дайындалышына каршы болгондор жана Тулеевди колдогондор митингге чыккан.

22-октябрда шаар башкармалыгынын маалымат кызматы Нариман Тулеевдин кызматтан кетүү тууралуу  чечим кабыл алганы боюнча маалымат таратты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>