Кыргызстан тоют өсүмдүгү — беденин (люцернанын) үрөнүн экспорттоону кайра жандандырды. 40 тонна көлөмдөгү үрөндүн алгачкы партиясы Орусияга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда үрөндү Азербайжанга экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
«Кыргызстан беденин үрөнүн өстүрүү үчүн эң ылайыктуу табигый-климаттык шарттарга ээ: түшүмдүү жерлер, таза суу, бийик тоолуу климат жана бай агрардык салттар — булардын баары экологиялык жактан таза жана азыктык баалуулугу жогору продукцияны өстүрүүгө мүмкүнчүлүк берет»,- деп айтылат маалыматта.
Министрлик тоют өсүмдүктөрүн, анын ичинде бедени өндүргөн жана экспортко чыгарган ишкерлерди колдоону улантарын билдирди.
Ошондой эле беденин үрөнүн экспорттоо дыйкандар үчүн кошумча киреше булагы гана болбостон, өлкөнүн экспорттук потенциалын бекемдөөгө, агрардык секторду өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын дүйнөлүк рынокто ишенимдүү жана сапаттуу айыл чарба продукциясын жеткирүүчү катары ордун бекемдөөгө чоң салым кошот.