Садыр Жапаров: үй-бүлө мамлекеттик саясаттын көңүл чордонунда болот«Балдарды камактагылардай колдонуп жатышат»: Бекешев мектептердеги эмгек иштери тууралууСадыр Жапаров: чыныгы инвестордун артынан чиновниктер өздөрү чуркашы керекМанас Кыргызстандагы экинчи экономикалык борбор макамын алатКыргызстанда 2027-жылдын январынан тарта бир катар социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйөтЖылуу күндөрдү узатабыз: Бишкектин борборунда кайсы жайкы аянтчаларда отурса болот
Кадамжайда милициянын күзөт кызматынын башчысы пара менен кармалды
10.06.2025 | 17:09
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Кадамжай райондук күзөт кызматынын башчысы, милициянын майору Т.К.А. пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалган Т.К.А. кол алдындагы кызматкерлерден мөөнөтүнөн ашык иштегендиги үчүн, ошондой эле негизги эмгек акысы үчүн түшкөн акча каражаттарынан ай сайын 10 миңден 30 миң сомго чейин системалуу түрдө опузалап алып тургандыгы аныкталган.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Т.К.А. 95 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан учурда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар