Кыргыз мушкерлери Дубайда өткөн Дүйнө чемпионатында күч сынашатСасык тумоо: өлкө боюнча 207 мектеп онлайн окууга өтүп, 217 бала бакча жабылдыТашиев Чүй проспектисин тарыткан Old Bishkek’тин курулуштарын алып салууну тапшырдыУКМК чет элдик адам шпионаж жасоого айыпталып соттолгонун билдирдиКыргызстанда суу менен камсыздоо тармагына инвестиция эки эсе өстүБаткендин Зардалы айылына алып барчу унаа жол жакында ачылат
Бишкек: Мэрия соода борборлордун астындагы унаа токтотуучу жайларды текшерүүдө
05.12.2024 | 10:01
Бишкектин мэриясы соода борборлордун астындагы унаа токтотуучу жайларды текшерүүдө.
Мэрдин орун басары Азамат Кадыров шаардык кызматтар менен бирге борбор калаадагы бир нече соода борборуна барып, жер алдындагы унаа токтотуучу жайын текшерген. Анын жыйынтыгында Медеров менен Жукеева-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Глобус» дүкөнүн жер астындагы унаа токтотуучу жайында уруксатсыз объектилер орнотулуп, иштеп жатканы аныкталган.
Ошондой эле «Томми Молл» соода жана оюн-зоок борборунда өз билемдик менен унаа жуучу жай жана башка объекттер салынып, иштеп жатканы белгилүү болгон. Аларга кемчиликтерди жоюу тууралуу эскертүү берилген.
А.Токомбаев көчөсү 53/1 дарегиндеги «Глобус» дүкөнүндө гана мыйзам бузуу аныкталган эмес.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом