Бишкекте мыйзамсыз тургузулган 77 курулуш алындыБаткенде күч органдары жана медкызматкерлер катышкан антитеррордук машыгуу өттүДагы бир талапкер: Азамат Эсенбеков президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү боюнча БШКга арыз бердиКРде бир суткалык электр энергиясын керектөө кышкы көрсөткүчкө жакындады — КУЭТУнаалардын жүргөн жолун өзгөрткөндөргө айып пул салуу боюнча мыйзам долбоору кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү«Ата-Бейит» мемориалдык комплексин өнүктүрүү боюнча ачык сынак жарыяланды
Сурдо таэквондо боюнча спортчулар Малайзиядагы мелдеште 4 медаль утту
05.12.2024 | 09:25
Кыргызстандын сурдо таэквондо боюнча спортчулары Малайзияда өтүп жаткан X Азия-Тынч океан сурдо оюндарында 4 медаль (1 алтын, 3 коло) утушту.
Шахида Амирова 53 кг салмакта алтын медалга ээ болуп, X Азия-Тынч океан сурдо оюндарынын чемпиону болду.
Ал эми Асылхан Турдакулова (49 кг), Бермет Марсбекова (57 кг) жана Азамат Мавлонов (80 кг) коло медаль тагынды.
Курама команда мелдешке машыктыруучу Дмитрий Пономаревдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт