Бишкек мэриясы 1000ден ашык жумушчуну ишке чакырат. Маянасы

Бишкек мэриясы 1000ден ашык жумушчуну ишке чакырат. Маянасы
Бишкек шаардык кызматтарга 1 133 жумушчу талап кылынат.
Мэриядан билдиришкендей, «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасына 500дөн ашык айдоочу талап кылынат. Орточо айлык акы: 50 000 – 55 000 сом. Байланыш телефондору: 0 (312) 53 17 89, 0 (312) 53 48 19 (кадрлар бөлүмү).

— «Бишкекжашылкурлуш» муниципалдык ишканасына 300дөн ашык кызматкер талап кылынат. Айлык акы: 25 000 – 40 000 сом.Маалымат үчүн байланыш телефондору: 0 (312) 37 53 32, 0 (555) 448 884 (WhatsApp).

— «Тазалык» муниципалдык ишканасына коомдук жайларды тазалоочулар, жүктөгүчтөр жана сезондук жумушчулар талап кылынат. Жалпы бош орундардын саны: 241. Айлык акы: 15 000 – 35 000 сом. Байланыш телефону: 0 (555) 977 981.

— «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасына инженерлер, жол жумушчулары, машинисттер жана айдоочулар талап кылынат. Бош орундардын саны: 92. Айлык акы: 25 000 – 50 000 сом. Маалымат үчүн байланыш номери: +996 (555) 888 243.

— «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасына электрмонтерлор жана эксковатор айдоочусу талап кылынат. Айлык акы: 33 000 сомдон жогору. Маалымат алуу үчүн: 0 (312) 65 08 15, +996 (700) 004 049.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>