Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Бишкек мэриясы качан жылуулук берилерин айтты
03.10.2022 | 10:38
Бишкек шаарында үйлөргө жылуулук берүү нормаларга ылайык жүргүзүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, жылуулук берүү мезгили 5 күн катары менен абанын орточо температурасы +8 градустан төмөндөгөндө бериле баштайт.
“Бүгүн, 3-октябрь, үчүнчү гана күн. Объектилерди жылуулукка кошуу бир нече күнгө созулат. Алгач бала бакчалар, ооруканалар, төрөт үйлөр жана социалдык коргоо мекемелери, андан кийин турак жайлар, жылуулук энергиясына карызы жок өндүрүш ишканалары жана башка объектилер жылуулук менен камсыздалат”, – деп айтылат маалыматта.
Мэрия жарандарга кышка карата отун, көмүр камдап алууну эскертет.
Бүгүн, 3-октябрда борбордо абанын температурасы +14˚С градус болууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар