Ысык-Көлдө жол кырсыктан 1 киши каза болуп, 8 адам жабыркады

Ысык-Көлдө жол кырсыктан 1 киши каза болуп, 8 адам жабыркады

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 1-октябрда катталган жол кырсыкта 1 киши каза болуп, 8 адам жабыркады. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, К.Ш. аттуу айдоочу «Хонда Степвагон» унаасы менен Барскоон айылынан Каракол шаарына бара жаткан. Желе-Дөбө айылына жеткенде унаанын оң дөңгөлөгү жарылып кетип, ал жолдон чыгып, ала салып кеткен. Анын кесепетинен 9 киши жабыркап, жабыркагандардын бири ооруканада көз жумган.

Жол кырсыгынан жабыркагандар:

1) Барскоон айылынын тургуну, 59 жаштагы К.У. (аял киши);

2) Барскоон айылынын тургуну, 46 жаштагы Г.К. (аял киши);

3) Барскоон айылынын жашоочусу, 8 жаштагы Б.К. (эркек бала);

4) Семеновка айылынын тургуну, 7 жаштагы Э.К. (кыш киши);

5) Семеновка айылынын жашоочусу, 33 жаштагы А.А. (аял киши);

6) Саруу айлынын тургуну, 24 жаштагы М. кызы А.

Аталган жарандар Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылган:

7) Барскоон айылынын жашоочусу, 46 жаштагы Ө.С. (эркек киши);

8) Дархан айылынын тургуну, 24 жаштагы А.А. (аял киши).

Аталган эки жаран денелеринен алган жеңил жаракаттары менен ооруканага көрүнүп кетишкен.

Ошондой эле Саруу айылынын 39 жаштагы Н.Б. аттуу тургуну Ысык-Көл облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>