Бишкек мэриясы шаарга 625 кичи автобус сатып алууну көздөөдө

03.04.2026 | 15:34

Бишкек шаарынын мэриясы ушул жылы борбор калаага 625 жаңы кичи автобус алууну пландоодо. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мындан улам мэрдин орун басары Рамиз Алиев автобус өндүрүүчү компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуп, автобус сатып алуу маселесин талкууланды. Жыйында буга чейин келип түшкөн коммерциялык сунуштар ачык каралып, техникалык талаптар айтылды.

Рамиз Алиевдин айтымында, мэрия 8 метрлик автобустарды сатып алууну көздөөдө. Алар шаардын тар көчөлөрүндө жүрүүгө жана жаңы конуштарды тейлөөгө багытталат. Акыркы үч ай ичинде ар кандай компаниялардан коммерциялык сунуштар чогултулган.

«Биз үчүн баа негизги фактор эмес. Биз үчүн автобустун сапаты, анын башка өлкөлөрдөгү колдонуу тажрыйбасы жана сунуштамалар маанилүү. Ушул факторлордун негизинде мэрия чечим кабыл алат», — деди мэрдин орун басары.

Жыйындын жыйынтыгында компанияларга бүгүнкү талкууда айтылган талаптарды эске алуу менен өз сунуштарын кайра карап чыгуу жана продукциясынын акыркы бааларын берүү үчүн убакыт берилди.

Scroll to Top