Бишкек мэриясы суу жана каналдардын жээгиндеги мүлк ээлерине кайрылуу жасады

Бишкек мэриясы суу жана каналдардын жээгиндеги мүлк ээлерине кайрылуу жасады

5-апрелде Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Ала-Арча суусунун Алтымышев көчөсүн, ошондой эле Малдыбаев көчөсүндөгү жээктин тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Мэриянын маалыматына караганда, шаар жетекчилиги тарабынан райондун акимдерине жана шаардык кызматтардын жетекчилерине мыйзам бузууларга жол бербөө максатында суу объектилерин көрктөндүрүү жана талапка ылайык, максаттуу пайдалануу боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүү тапшырылды.

Агындыларга саркынды суулар агып кеткен учурлар катталып, жеринде мындай объекттин ээсинин бирөөсүнө  мыйзам бузууну тез арада жоюу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, муниципалдык инспекцияга Укук бузуулар  кодексине ылайык айып салуу тапшырмасы берилди.

Айрым аймактарда тротуар жок. Тиешелүү кызматтарга Ала-Арча суусунун жанындагы иштеп жаткан жана курулуп жаткан объектилердин иш жүзүндө чек арасын жана мыйзамдуулугун текшерүү тапшырмасы берилди.

Ошондой эле, суу объектилеринин жер участокторуна максаттуу багытын бузуу менен, керектүү уруксаттарды албастан, шаар куруу нормаларын жана эрежелерин бузуу менен курулган объектилерди аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2023-жылдын 3-майындагы № 111-б буйругуна ылайык, Бишкек шаарынын суу объектилери үчүн суу коргоо тилкесинин эң кичине туурасы 15 метрди (дарыялар, каналдар) түзөт.

Буга байланыштуу мэрия объектерди талапка ылайык келтирип берүүнү суранат, антпесе муниципалитет  мыйзамдардын чегинде чараларды көрүлөрүн эскертет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>