Көк-Жар конушундагы мыйзамсыз курулуштарды бузууга каршылык көрсөткөн 5 жаран камалды

07.08.2025 | 12:12

Бишкек шаарынын Көк-Жар жаңы коңушунун 172-контурундагы мыйзамсыз курулуштарды бузуу учурунда каршылык көрсөткөн беш жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 6-август күнү шаардын Октябрь райондук администрациясы жана мэриянын муниципиалдык администрациясы биргеликте мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштерин жүргүзүү үчүн аталган жерге барган учурда Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар жолду мыйзамсыз тосуп алышкан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 279-беренесине (жолдорду мыйзамсыз тосуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Жыйынтыгында беш жаран: 26 жаштагы Б.М., 34 жаштагы А.Б., 36 жаштагы К.Н., 35 жаштагы М.У. жана 60 жаштагы А.Ж. аттуу жарандар аныкталып, кармалган. Алар тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

“Мындан тышкары, 17 жаран жеткирилип, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 128-беренесине (ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө) ылайык протокол түзүлдү”,- деп билдирди Бишкек милициясы.

Scroll to Top