«Аккую» АЭСи жана туризм: Бишкекте Путин менен Эрдогандын сүйлөшүүлөрү өттүДаярдыктан «памперстерге» чейин: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине ат шоусу кандайча даярдалган?Дастан Бекешев мектептер, мугалимдер жана бүтүрүүчүлөр үчүн эрежелерди өзгөртүүнү сунуштадыСадыр Жапаров Бишкектеги «ШКУ+» саммитинин жыйынтыгын чыгардыКыргызстан жана Түркия кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөшүүдө — лидерлердин жолугушуусуДүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын командасынын негизги атаандаштары аталды
Германияда аукциондо Пикассонун жасалма сүрөттөрү сатылган
07.08.2025 | 11:45

Германиянын Штутгарт шаарындагы аукциондо Пабло Пикассонун эки жасалма гравюрасы сатылган. Бул тууралуу DW жазды.
Маалыматка ылайык, бир сүрөт Вормс шаарындагы арт-дилерге, экинчиси австриялык коллекционерге сатылган. Сүрөттөрдүн жасалма экендигин полиция Мюнстер шаарындагы Пикассо музейи менен биргеликте аныктап чыккан.
Тергөөнүн версиясы боюнча, бул жасалма иштердин артында Италиянын жараны турат. Ал көп жылдан бери Пикассонун 1930–1937-жылдары жараткан Suite Vollard аттуу 100 офорттон турган сериясынын көчүрмөлөрүн жасап келгени менен таанымал.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар
Теги: Германия, Пабло Пикассо