Бишкек — Нарын —Торугат жолунда бир адамды автоунаа сүзүп кетти — видео

Бишкек — Нарын —Торугат жолунда бир адамды автоунаа сүзүп кетти — видео

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда бир адамды автоунаа сүзүп кетти. Бул тууралуу окуяга күбө болгон окурман Reporter.kg`ге кабарлады.

Маалыматка караганда, кырсык 10-октябрь күнү саат 15:15 чамысында Токмок шаарындагы мал базарга жакын жерде болгон.

Окурман жиберген видеодо көрүнүп тургандай, кырсык болгон жерге «Тез жардам» кызматкерлери барган.

Азырынча унаа сүзүп кеткен адамдын абалы тууралуу маалымат жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>