Бишкек: Ооруканадан качып кеткен камактагы кылмышкер колго түштү

27.04.2022 | 09:00

Октябрь РИИБнин ыкчам кызматкерлери бир күн мурун ооруканадан качып кеткен камактагы кылмышкерди кармашты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 26-апрелинде саат 20:00 чамасында Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунан 1997-жылы туулган Э.Н. качып кеткен. Ал буга чейин алдамчылыкка шектелип кармалган.

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери Э.Н.ди кармашкан.

Scroll to Top