Жерди инновациялык технология менен иштетүү үйрөтүлүүдө

Жерди инновациялык технология менен иштетүү үйрөтүлүүдө

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айылында айыл чарба жерлерин рационалдуу пайдалануу жана инновациялык технологияларды колдонууга байланышкан семинар өттү.

Анда жамгырлатып сугаруунун артыкчылыктары айтылып, лизингге алынган техникалар көрсөтүлдү.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Улан Далиев облус боюнча 180 миң га жер айдаларын, бирок болгону 135 миң га жерге суу жетерин билдирди.

“45 миң га жерге суу жетпей келет, жылдан-жылга суу дагы тартыш болуп жатат. Ошондуктан сууну үнөмдүү пайдаланууга өтүшүбүз керек. Ал үчүн жамгырлатып сугаруу өтө ыңгайлуу. Учурда Арал айылындагы “Эрдик” айыл чарба кооперативи менен бирге ушул багытта иш алып барып жатабыз. Кооперативдин максаты – жерлерди ирилештирүү, жамгырлатып сугарууну жайылтуу, жерлердин түшүмдүүлүгүн сактоо. Учурда кооперативдерге биригүү идеясын бүтүндөй облуска жайылтууну көздөп жатабыз”,-деди У.Далиев.

Айыл, суу чарба жана мелиорация министри Аскарбек Жаныбеков түшүм төмөн болуп жатканын айтып, бул көйгөйдү чечүү жолунун бири айыл чарба кооперативдердин түзүү экенин билдирди.

Быйыл Президенттин тапшырмасы менен айыл чарба багытына өзгөчө көңүл бурулууда. Учурда майдаланып кеткен жер үлүштөрүн ирилештирүү үчүн кандай жолдор бар экенин көрүү үчүн семинар өткөрүп жатабыз. Кыргызстанда 1 млн 268 миң га айдоо аянты бар, бирок түшүмдүүлүк төмөн болуп жатат. Бул көйгөйдү чечүүнүн бирден бир жолу кооперативдерге биригүү, үрөндөрдү жакшыртуу”,-деди министр.

Семинарга Айыл, суу чарба жана мелиорация министри Аскарбек Жаныбеков, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Улан Далиев, жергиликтүү мамлекеттик кызмат өкүлдөрү жана дыйкандар катышышты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>