27-март күнү Биринчи Май районунун Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан курулуш чарбанын жыгач устундуу шифер жабылган 40 чарчы метр чатыры күйгөн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жерине №5 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн бир бөлүмү тартылган.
Өрттүн кесепетинен 2 эркек киши күйүк алып, тез жардам кызматы менен күйүк борборуна жеткирилген. Учурда аты-жөнү такталууда.
Өрт 23:27 четкөөгө алынып толук 23:44 өчүрүлдү.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.