Бишкек-Ош жолундагы унаа кырсыгы төрт адамдын өмүрүн алды

Бишкек-Ош жолундагы унаа кырсыгы төрт адамдын өмүрүн алды

Бишкек — ​​Ош унаа жолунун 355-чакырымында Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаа жардан кулап, төрт адам каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Кырсык 24-майдан 25-майга караган түнү болгону аныкталган. Унаанын Ош облусунун Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылынын тургуну, 1989-жылы туулган Б.Т. атту жаран башкарып бараткан. Ал чукул бурулуштан рулду башкара албай, жолдун четине чыгып, тоодон 150-200 метр бийиктиктен учуп кеткен.

Кырсыктан айдоочу менен үч жүргүнчү каза болгон. Жүргүнчүлөрдүн  экөө эркек жана бир аял киши. Дагы үч жүргүнчү Кара-Көл аймактык ооруканасына жеткирилген.

Каза болгон жарандардын өздүгү аныкталып, алардын бардыгы Кыргыз-Ата айылынын тургундары  2000-жылы туулган Т.А, 2002-жылы туулган. Р.Р уулу, 1998-жылы туулган К. кызы А. аттуу жарандар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>