Бишкек шаардык кеңешинин вице-спикери Болот Ибрагимовду кызматтан алынышы жана анын мэр менен мамилеси.
Бүгүн Бишкектин саясий турмушунда олуттуу өзгөрүүлөр болду: Шаардык кеңештин вице-спикери Болот Ибрагимов кызматтан алынды. Бул чечим коомдо кеңири резонанс жаратты.
Шаардык мэриянын ишинде ачык-айкындуулукту жана мыйзамдуулукту жактаган Болот Ибрагимов жол эрежесин сактоо, жасалма номурларды колдонуу боюнча бир нече жолу маселе көтөргөн.
Анын борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевди сынга алуусу чиновниктердин жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.
Бирок, пикир келишпестиктерге карабастан, мэр Ибрагимовду команданын баалуу кадры катары колдоону улантты жана ага эч кандай таарынычы болбогонун “Reporter.kg’ге берген маегинде билдирди.
Маектин толук чыгарылышын биздин You tube каналыбыздан көрө аласыздар.