Бишкек шаардык Патрулдук милиция кызматында жаңы жетекчилик дайындалды

20.10.2025 | 18:18

Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды. Бул кызматка милициянын майору Ташматов Борборбек Жороевич келди. Маалыматты Reporter.kg сайтына Бишкек шаардык Патрулдук милициясынын басма сөз кызматы ырастады.

Борборбек Ташматов буга чейин УПСМдин начальнигинин орун басары болуп иштеген. Ошондой эле Патрулдук милиция кызматында бир катар жетекчилик кызматтарга жаңы дайындоолор болду:

— милициянын майору Айбек Жамангулов УПСМдин начальнигинин орун басары болуп дайындалды. Ал буга чейин УПСМ полкунун командири болуп иштеген;
— милициянын подполковниги Эрлан Мамыралиев, мурда УПСМдин укук колдонуу практикасы бөлүмүнүн инспектору болуп иштеген, эми УПСМдин жол кыймылын көзөмөлдөө бөлүмүнүн начальниги болуп дайындалды;
— милициянын улук лейтенанты Изабек Токтогожоев УПСМ полкунун командири болуп дайындалды. Ал буга чейин полктун 1-ротасынын командири болгон;
— милициянын капитаны Мухаммед Халматов УПСМ полкунун 1-ротасынын командири болуп дайындалды. Ал мурда ушул ротанын командиринин орун басары болуп иштеген;
— милициянын майору Тилек Курманбеков УПСМдин нөөмөт бөлүмүнүн начальниги болуп дайындалды.

Scroll to Top