Бишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылды

Бишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылды. Мекеменин ачылышы Черногориянын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимовичтин Кыргызстанга болгон алгачкы расмий сапарынын алкагында өттү. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, мекеме эки өлкөнүн жарандары менен ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды чыңдайт.
Ошондой эле бул сапардын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Черногориянын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович жолугушуусу өттү. Анда эки өлкөнүн ортосунда төмөнкү документтерге кол коюлду:
- Эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосунда 2026–2027-жылдарга кызматташуу программасы;
- Дипломатиялык кадрларды даярдоо жаатындагы кызматташтык тууралуу меморандум.
Министрлер эки мамлекеттин тоолуу аймак экендигин эске алуу менен гидроэнергетика, “жашыл” экономика жана туризм тармагындагы өнөктөштүктүн келечегин карап чыгышты. Сүйлөшүүлөрдө өкмөттөр аралык кызматташууну кеңейтүү, парламенттер аралык диалогду өнүктүрүү жана келишимдик-укуктук базаны өркүндөтүү маселелери каралды. Мындан тышкары, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатында биргелешкен аракеттерди көрүү белгиленди.
Жолугушуунун соңунда кыргыз тарап черногориялык делегацияны VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана “Бишкек+25” Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.