Бишкек шаарынын башкы планын бекитүү боюнча токтом долбоору коомдук талкууга коюлду

26.01.2026 | 11:25

Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планын бекитүү жөнүндөгү токтомдун долбоору 23-февралга чейин коомдук талкууга коюлду. Долбоор Бишке шаарынын мэриясы тарабынан иштелип чыккан.

Документ борбор калаанын туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүү, функционалдык зоналарды белгилөө, республикалык жана жергиликтүү маанидеги объектилерди аныктоо, ошондой эле жаратылыш ресурстарын коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу максатында иштелип чыккан.

Токтом долбоорунун негизги жоболору:

  • Башкы план Бишкек шаарын аймактык пландаштыруунун негизги документи болуп саналат. Ал социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууда, жер участокторуна курулуш куруу жана пайдалануу боюнча чечимдерди кабыл алууда милдеттүү түрдө эске алынат.
  • Башкы пландын күчү жер мунапысынын объектилерине жайылтылбайт. Ага өзгөртүүлөрдү киргизүү Министрлер кабинетинин өзүнчө чечими менен гана ишке ашырылат.
  • Бишкек шаарынын мэриясына алты айлык мөөнөттө жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин, ошондой эле деталдуу пландоо долбоорун иштеп чыгуу жана бекитүү тапшырылат.

Токтом долбоордо ошондой эле башкы план боюнча мамлекеттик органдардын милдеттери жазылган:

  • Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги: Башкы пландын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү үчүн шаар куруу кадастрын иштеп чыгат. Ошондой эле мурда иштелип чыккан шаар куруу документтерин Башкы планга ылайык келтирет.
  • Бишкек шаарынын мэриясы жана Жер ресурстары агенттиги: Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк менен биргеликте шаар четиндеги зонанын чектерин иштеп чыгып, бекитүүгө киргизет.
  • Чүй облусунун райондору (Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата): Шаар четиндеги аймактарда жерди пайдаланууну жана шаар куруу иш-аракеттерин Бишкек шаарынын архитектура органы менен макулдашуусу зарыл.
  • Финансы министрлиги: Токтомдо көрсөтүлгөн пункттарды ишке ашыруу үчүн каржылык каражаттарды бөлүүнү камсыз кылат.

Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планы орусиялык «Перспективдүү шаар куруу боюнча илимий-изилдөө институту» ЖЧКсы тарабынан иштелип чыккан.  2025-жылдын 24–25-декабрь күндөрү долбоор боюнча коомдук угуулар өткөрүлгөн. Ал эми үстүбүздөү жылдын 13-январында мэрия башкы план боюнча коомдук угуулардын жыйынтыгын, ошондой эле долбоордун жаңыртылган негизиги чиймесин жарыялаган.

Scroll to Top